Валентина Шевченко америкалык Лорен Мёрфиге каршы беттеши үчүн канча гонорар алары белгилүү болду

UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко америкалык Лорен Мёрфи менен болгон беттеште ири суммадагы байгеге ээ болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, беттеште Валентина Шевченко 392 миң доллар тапкан. Анын ичинен 350 миң доллар беттешке катышкандыгы жана жеңиши үчүн болсо, мушташка чейинки бир апта бою медиа жана башка иштерге убакыт бөлгөндүгү үчүн кошумча төлөм катары дагы 42 миң доллар берилген.

Ал эми атаандашы Лорен Мёрфинин акысы 132 миң доллар болгон. Анын 100 миң доллары беттеш үчүн, 32 миң доллар жарнама үчүн.

Эскерте кетсек,
26-сентябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн UFC 266 турниринде UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко америкалык мушкер Лорен Мёрфиге каршы чыгып, алтынчы ирет чемпиондук наамын коргогон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Asmat84
2021-09-27 13:31:34
Амеей не деген акчалар ээ ушинтип спортсмен болуп калсам не, мынтип Россияда мигрант болуп жүрмөк эмесмин
+13
Aky12
2021-09-27 13:32:17
Женилгени деле жакшы сумма алат экен,мен да катышып,бир келтек жеп,132мин доллар иштеп келсем окшойт
+17
souza.j
2021-09-28 17:12:50
Aky12,эки дылда тынчып каласын
0
NURSAPAR
2021-09-27 14:10:39
Азамат Валя!!!
+5
mariolan
2021-09-27 23:43:09
Уфсы га заявка кантип жонотобуз
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан