"Жакында министр Шыкмаматов Түштүк Кореяга барып келди. Кандай келишимдерге кол коюлду?" деп сурады депутат

"Жакында инвестиция министри Алмамбет Шыкмаматов Түштүк Кореяга барып келди. Кандай келишимдерге кол коюлду?", - деп бүгүн, 27-сентябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Мурадыл Мадеминов инвестиция министринин орун басары Нурадил Баясовдон сурады.

Нурадил Баясовдун айтымында, 3 келишим боюнча меморандумга кол коюлду. "Үч жакшы долбоордун жазында ишке ашарын күтүп жатабыз", - деди ал.

Депутат кол коюлган меморандум министрликтин сайтына жарыяландыбы деп сурады.

"Өзүңүздөр, коомчулук талап койгондой, биз жөн эле маалымат берүүдөн алыспыз. Натыйжаны көрсөткөндөн кийин көрсөтөбүз. Жарым жылдын ичинде натыйжа көрсөтөбүз", - дейт Баясов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
modem4999
2021-09-27 13:16:02
Шылтоолору даяр да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан