Рамзан Кадыров шайлоодо добуштардын эң көп пайызын топтоп, дүйнөлүк рекорд койду

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров шайлоодо 99,7 пайыз добушка ээ болуп, дүйнөлүк рекорд койду. Мындай маалымат "Интеррекорд" эл аралык рекорддорду каттоо агенттигинин сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Кадыров шайлоодо добуштардын эң көп пайызын (99,7%) алган. Тактап айтканда, аны өлкөнүн 711 миң 973 жараны колдогон. Ал эми калган талапкерлер Халид Накаев добуштардын 0,12 пайызын алса, Иса Хажимурадов 0,15 пайыз добушка ээ болгон.

Белгилей кетсек, Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыров өлкөнү 2007-жылдан бери башкарып келет (2011-жылдын 5-апрелине чейин республиканын президенти катары).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Belek1710
2021-09-27 14:49:26
түшүнбөдүм, азыр президент эмеспи 5.2011ге чейин болсо!?
0
Datka7777
2021-09-27 15:08:57
Belek1710, президент эмес глава государства азыр
0
Belek1710
2021-09-27 16:06:42
Datka7777,Чечня өзүнчө мамлекет эмес го.
0
Datka7777
2021-09-27 16:34:51
Belek1710,)))
-1
aziret-92
2021-09-27 16:34:58
АКШнын тарыхында 100% добуш алган президент болгон.
0
Eden-Hazard
2021-09-27 19:59:28
aziret-92, Жорж Вашингтон. Ал партиясыз кандидат жана жалгыз талапкер болгон.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан