Чүй облусундагы Маевка айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыгып, анын кесепетинен бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
"26-сентябрь күнү саат 23:10 чамасында Жаш Гвардия көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө бир өрт өчүрүүчү унаа тартылып, саат 23:40та өрт чектөөгө алынып, саат 23:46да толук өчүрүлдү.
Өрттүн кесепетинен 1932-жылы туулган М.Г. аттуу аял түтүнгө ууланып каза болгон. Жансыз дене ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилди. Турак үйдүн бөлмөсүндө диван күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда", - деп жазылат маалыматта.