Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана агартуучу, манасчы Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналган Дүйнө элинин эпосторунун VI эл аралык фестивалынын алкагында "Мыкты боз үй” сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Аталган сынакта баш байгеге Айнура Матанова (Ысык-Көл облусу) татыктуу болду. Ага 100 миң сом тапшырылды.
1-орунга (70 миң сом) Бишкек шаардык мэриясы;
2-орунга (35 миң сомдон) Сонунбүбү Какеева (Чүй облусу, Жайыл району) менен Сүйүнбүбү Чолпонкулова (Жалал Абад облусу, Тогуз-Торо району);
3-орунга (30 миң сомдон) Гүлкайыр Курманова (Нарын облусу) менен Айсалкын Абытова (Баткен облусу) ээ болду.
Ошондой эле калыстар тобунун купулуна толгон боз үй аныкталып, Хабибахан Шакирова жана Зувайда Нийматова (Баткен облусу, Кадамжай району) 30 миң сом менен сыйланышты.