АКШнын Нью-Йорк шаарында Бириккен улуттар уюмунун башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын алкагында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Сингапурдун тышкы иштер министри Вивиан Балакришнан менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тараптар соода жана экономика, укуктук базаны жакшыртуу жана регионалдык коопсуздук боюнча эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулашкан.
"Руслан Казакбаев "ВСП +" статусун колдонуу менен соода жүгүртүүнү жогорулатууну, ошондой эле Кыргыз өлкөсүндө биргелешкен ишканаларды ачууну жана тиешелүү инфратүзүмдү түзүүнү сунуштады.
Кыргыз тарап Сингапурдун мамлекеттик башкаруу, сот жана укук коргоо системасындагы реформалар, ошондой эле индустриалдык парктарды түзүү жана санариптештирүү тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыкдар экенин билдирди", - деп жазылат маалыматта.