Ош шаарынын Төлөйкан кичи районунун тургунуна кол көтөрүп, денесине залал келтиргенге шектүү жарандар аныкталды. Алардын бири кылмыштуу топтун мүчөсү экенин Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашат.
Маалым болгондой, 21-сентябрда Өзгөн РИИБине Төлөйкан кичи районунун 33 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү Куршаб айылындагы кафенин алдынан бейтааныш адамдар арыз ээсин себепсиз оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, кол телефонун жерге чаап, талкалашып, колдору менен урушуп, денесине жаракаттарды келтиришкен.
"Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин негизинде, шектүүлөр ошол күнү кармалган. Шектүү катары кармалган 38 жаштагы Х. уулу Н. 2004-2013-жылдар аралыгында 2 ирет тоноочулук, 2 ирет ээн баштык жана 1 ирет адам өлтүрүү фактысы менен соттолгон. Кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин ыкчам тизмесинде каттоодо турган. Ал эми дагы бир шектүү 30 жаштагы А. уулу А. тоноочулук фактысы менен 1 ирет соттолгону белгилүү болду", - дешти мекемеден.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Аталган факты боюнча тергө иштери улантылууда.