Бүгүн, 27-сентябрда Биринчи Май райондук сотунда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин, президенттик аппараттын экс-башчысы Фарид Ниязов жана экс-депутат Равшан Жээнбековдун иши каралууда. Алмазбек Атамбаевди эл сүрөөн менен тосуп алган видео тарады.
Анда Атамбаевдин уулу менен учурашканын, тарапташтарынын "Атамбаев", "боштондук" деп кыйкырып жаткандарын байкоого болот.