КТРКнын байкоочу кеңешинин мүчөсү, журналист Шайырбек Абдырахманов 1976-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Жыгач айылында туулган.
2001-жылы Жусуп Баласагын атындагы кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетин аяктаган. Ал эми 2014-жылы аталган университеттин юриспруденция адистигин бүтүргөн.
2015-жылы Орусиянын президентинин алдындагы дипломатиялык академиясынын магистратурасын аяктаган.
2002-жылы КТРК. "Манас" чыгармачыл борборунун кабарчысы;
2003-жылы КТРК. Балдар жана жаштар бөлүмүнүн баяндамачысы;
2004-жылы КТРК. Музыкалык жана оюн-зоок программалар студиясынын кабарчысы;
2004-жылы КТРК. Музыкалык жана оюн-зоок программалар студиясынын комментатору;
2005-жылы КТРК. Маданий агартуу студиясынын кабарчысы;
2006-жылы КТРК. Жаштар редакциясынын башкы редактору;
2008-жылы КТРК. "Санат" чыгармачылык бөлүмүнүн баяндамачысы;
2010-2013-жылдары ЭлТР Мамлекеттик телерадиокорпорациясынын башкы директору.
2007-2009-жылдары "Айтыш" коомдук фондусунун тең төрагасы болгон.
Учурда коомдук иштер менен алектенет. Эки уул, бир кыздын атасы.
"Бүгүнкү туулган күнүмдү үй-бүлөмдүн курчоосунда өткөрөм. Негизи туулган күн тосконду көп жактыра бербейм. Майрам деп чуу түшүп калганды да жактырбайм. Жакшы кишиге жолугуу, жакшы дос менен сапарга чыгуу, сонун сөздөрдү угуу жана жакшы окуяларга күбө болуу майрам деп калам", - дейт Шайырбек Абдырахманов.
27-сентябрга карата жылнаама.