"Тез окуу спорт сыяктуу". Тез окуу курстары пайдалуубу? Адистен жооп

Тез окуу бул талант эмес, жөндөм. Аны каалаган адам өнүктүрүп алса болот. Тез окуу деген эмне? Акыркы күндөрү козу карындай жайнап кеткен тез окуу курстары пайдалуубу? Бул тууралуу SUPER.KG порталы тез окуу боюнча тренер Алтынай Караева менен маек курду.

- Тез окуу деген эмне?

- Тез окуу бул кыска убакытта көп маалыматты кабыл алуу. Көп маалымат дегенде керектүү маалыматтарды гана. Бир китепте жүз пайыз пайдалуу маалымат бар деп айтуудан алыспыз. Окуп жатып маанилүү гана жерлерине көңүл бөлүп, керектүү жерлеринен гана маалымат алуу бул атайын техникалар, көнүгүүлөр аркылуу жүргүзүлөт. Тез окуу дегенде бир мүнөттө 10 миң сөз окуйм анан болду деп ойлобош керек. Бул деген окугандын сапатына маани берүү.

- Акыркы учурлары тез окуу курстары жөнүндө жарнамалар аябагандай көбөйдү. Эффективдүүлүгү кандай?

- Тез окуу алты жыл мурун белгилүү эмес болчу. Азыркы учурда ар бир экинчи адамдын тез окуу жөнүндө маалыматы бар. Тез окуу курстарынын эффективдүүлүгү ар кандай. Көп учурда аталган курстарга жарнамалар "Бизге жазыл, биз сага бир мүнөттө 30 миң сөз окуганга үйрөтөбүз", - деп коюшат да, бирок ал жактан тез окууну курстан кийин улантышпаса кайра артка кетип калуу мүмкүн экенин көбүнчөсү айтышпайт экен. Ошондуктан алар башында мүнөтүнө миң сөз окуганга үйрөнөт да курс бүткөн соң практика кылышпайт, анан кайра мурунку 100 сөз окуган абалга келип калышат. Андан соң курсту эффективдүүлүгү жок экен деп жамандап калышат. Жок бул тез окуу деген өзүнөн өзү пайда болуп кала турган нерсе эмес, дайыма практика кылыш керек. Бул спорт сыяктуу.

- Чын эле мүнөтүнө 25 миң сөз окуу мүмкүнбү?

- Негизи мүмкүн. Мүнөтүнө 183 миң сөз окуган адам бар, ал "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген. Ошондуктан бул жакта чек деген жок. Бирок ошол 25 миң сөздүн канча пайызын адам түшүнүп окуп жатат ошол маанилүү.

- Тез окуу үчүн сизден бир канча кеңештер

- Тез окуу дегенде сөзсүз эле техникалар эмес, бул деген атайын көзгө кылынчу көнүгүүлөр. Биринчиден, биз тез окуганга чейин көздүн көрүүсүн да жакшыртууга аракет кылышыбыз керек. Көздүн талаасы деп коёт ошого атайын көздүн булчуңдарына көнүгүүлөрдү жасайбыз. Интернетте көнүгүүлөр көп, ошол жактан карап китеп окуганга чейин беш мүнөт көздү даярдап алуу сунушталат.

Чуркоодон мурун разминка жасалат да. Китеп окууда да ошондой. Көбүндө китеп окуп баштагандан кийин уйку келип баштайт деген көйгөй бар. Же болбосо окугусу келбей алаксып баштайт. Ошондуктан китеп окуурдан мурун көзгө атайын көнүгүүлөрдү жасап коюуну сунуштайт элем. Китепти дайыма жанына алып жүрүү керек жана бир китепти аягына чейин окуп бүтүрөм эмес, бир күндө беш мүнөттөн эле китеп окуп баштап эртеси алты мүнөт, кийинки күнү он мүнөт деп кичине-кичинеден көбөйтүш керек. Анткени бир отуруп эле китеп окуйм дегенде такыр окубай таштап салуу коркунучу жогору.

Өзүңө жаккан китепти окуш керек. Элдин баары окуп жатат деп популярдуу китептерди окуганга аракет кылбоо зарыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан