Канадалык актёр Уильям Шетнер октябрь айында Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безостун “Blue Origin” компаниясына тиешелүү “New Shepard” кемеси менен космоско учат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, Шетнер кемедеги экинчи экипаждын мүчөсү болушу мүмкүн. Эгерде актёр космоско уча турган болсо, анда ал космостогу эң улгайган адам болуп калат.
“Космостук учуу 15 мүнөткө гана созулмакчы. Ал эми мындай аракет миссия тууралуу даректүү тасма тартууга мерчемделген”, - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Уильям Шетнер “Стартек” тасмасындагы капитан Жеймс Тиберий Кирктин ролу менен атактуу болгон. Актёр март айында 90 жашка чыккан.