Түштүк Кореяда иттин этин жегенге тыюу салуу сунушталды

Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин өкмөттү иттин этин жегенге тыюу салууну кароого чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Иттин этин колдонууга тыюу салуу жөнүндө этияттык менен ойлонууга мезгил жеткен жокпу?" - деп Түштүк Кореянын лидери премьер-министр Ким Бу Гёмго кайрылган. Бул суроо министрлер кабинетинин башчысынын ташталган үй жаныбарларына кам көрүү системасын жакшыртуу темасындагы докладында көтөрүлгөн.

Ошол эле учурда өлкөдө иттерди мыкаачылык менен өлтүрүүгө тыюу салган жаныбарларды коргоо мыйзамы бар. Бирок бул акт иттин этин жегенге багытталган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан