Бүгүн, 27-сентябрда 38 жаштагы аялды бир нече жолу бычак менен сайып өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-сентябрда эртең менен Токтогул көчөсүндөгү батирлердин биринде 38 жаштагы У.Н. аттуу аялдын жансыз денеси бычакталган абалда табылган.
Бул факты "киши өлтүрүү" беренеси менен катталып, шектүү катары 1993-жылы туулган Н.К. аттуу жаран кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.