Ооганстанды басып алган "Талибан" кыймылы Ооганстандагы Гильменд провициясындагы эркектерге сакалын кыркууга тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазды.
Андагы маалыматта, Гильменд провициясындагы чач-тарачтарга кардарларынын сакал-мурутун кыркууга жана музыка коюуга катуу тыюу салынды. Бул талапты аткарбагандар аныкталса, аларга шарият мыйзамдарына ылайык катуу жаза колдонулат жана алардын арызданууга акысы жок.
Кабулдагы чач-тарачтар дагы ушундай эле тыюу салууга туш болушкан. Шаардагы эң чоң чач-тарачтын ээси ага мамлекеттик кызматкермин деген бирөө чалып, америкалыктарды туурабагыла, сакал кыркпагыла деп айтканын билдирген.
Мындан тышкары, башка провинциялардын чач-тарач ээлери расмий айтылбаса дагы кардарлар аз келип калганын, кардарлары талиптер тарабынан кысымга алынбоо үчүн чач-тарачка келүүнү токтотушканын айткан.