Чүй облусунда алдамчылык фактысы боюнча шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Сокулук РИИБине жергиликтүү тургун алдамчылык фактысы боюнча арыз менен кайрылып, ал өзүнүн Мерседес-Бенц унаасын сатууну чечип, Дөөлөт деген адам менен таанышып, ал ага 20 миң сом акчасын алдын ала төлөп, машинаны алып, жоголуп кеткенин билдирген.
Бирок шектүү унааны башка эле адамдарга сатып жиберген. Аталган факты Сокулук РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында шектүү катары 20 жаштагы И.Т. аттуу жаран кармалган. Учурда милиция кызматкерлери жогорудагы адамдын ушул сыяктуу башка дагы кылмыштарга катыштыгын текшерип жатышат. Тергөөнүн маалыматы боюнча шектүү башка адамдардын документтеринин маалыматтары менен алдамчылык аракеттерди жасаган деп шектүү болууда.
Ошого байланыштуу Санжарбек же Дөөлөт деп өзүн тааныштырган адамдан алданып жапа чеккендер болсо, Чүй облусунун Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына төмөнкү телефон номерлери аркылуу кайрылса болот.
Байланыш телефону: 0708 14-88-70, 0554 78 -79-76.