АКШнын президенти Жо Байден 3-ирет коронавируска каршы вакцина алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, АКШнын президенти Жо Байден 27-сентябрь күнү 3-ирет вакцина алды.
Буга чейин ал COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү боюнча сүйлөгөн сөзүндө, "мүмкүн болушунча тезирээк" коронавируска каршы кайрадан эмделүүгө убада берип, америкалыктарды да кошо вакцина алууга үндөгөн. Ошону менен катар мамлекет башчы АКШнын 20 миллионго жакын жараны вакцинанын 3-дозасын алууга даяр экендигин белгилеген. Себеби алар мындан 6 ай мурун эмдөөдөн өтүшкөн.