Биз социалдык тармакта

Былтыркыга салыштырмалуу дээрлик 3 миллиард метр кубга жакын суу аз. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү канча метр кубду түздү?

27-сентябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард 279 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлайт.

"27-сентябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард 279 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 290 метр куб, агып чыгышы 107 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.

Ал эми былтыр, 2020-жылы дал ушул күнү 15 миллиард 191 миллион метр куб суу бар болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Antiradikal3
2021-09-28 06:43:51
Ото коп суу агып чыгып жатат. Озбекистандын суранычы менен жайы бою коп суу агызып туруп алсанар суу кайдан топтолмок эле.........
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан