Өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата лидер айымдардын форуму өттү

27-сентябрда Кыргыз улуттук филармониясында Жогорку Кеңештин депутаты, Республикалык аялдар кеңешинин төрайымы Айнуру Алтыбаеванын демилгеси менен өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык урматына арналган лидер айымдардын форуму өттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чаранын алкагында өлкөнүн жети дубанынан келген жигердүү айымдар мамлекетти башкаруу системасынын өзгөчөлүгү, андагы көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн жолдорун талкууга алышты. Ошондой эле аялдардын коомдогу ролу тууралуу да сөз болду.

Жыйында сөз сүйлөгөн депутат Айнуру Алтыбаева: “Форумга жети облустан ар кыл тармакта иштеген лидер айымдар чакырылган. Кыргыз элинин биримдиги жана өлкөнүн өнүгүүсү үчүн айымдар чогулуп, мамлекеттин келечегин талкуулоону максат кылганбыз. Андан тышкары Кыргыз мамлекетиндеги алдыңкы беш жогорку окуу жайынын студенттери дагы чакырылган. Алардын пикирин да угууга кызыкдарбыз”, – деди.

Талкуу маалында илимпоз айымдар тарабынан зомбулукту жоюу, гендердик теңчиликти сактоо, билимге умтулган жарандарды колдоо, айымдардын тарыхтагы орду, элет жериндеги аялдардын жашоо-шартын жакшыртуу тууралуу баяндамалары угулду.

Жыйынтыгында, өз ишинде натыйжалуу жыйынтыктарды көрсөткөн айымдар Жогорку Кеңештин грамоталары жана "Даткайым" медалы менен сыйланышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан