Биз социалдык тармакта

Чүйдө тоодон чыккан өрт толук өчүрүлдү. Өрттүн жалпы аянты 300 гектар

Чүйдүн Байгелди айылында тоонун боорунда чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-сентябрда Байгелди айылында тоонун боорунда куураган чөптөн чыккан өрт саат 13:15те чектөөгө алынып, 15:15те толук өчүрүлдү.
"Жеринде жалпы 85 куткаруучу иш алып барды, куткаруучулар кол шаймандары аркылуу өрттү өчүрүштү. Өрттүн жалпы аянты 300 гектар, өрттүн келип чыгуу себеби учурда такталууда", - дешти маалымат кызматынан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан