Бензин ташыган цистернадан өрт чыгып, айдоочу күйүк алды

Чүй облусунун Кайыңды шаарында жайгашкан эт комбинаттын аймагында мунай зат ташуучу цистернадан өрт чыкты. Анын кесепетинен айдоочу жабыркаганын ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашат.
"27-сентябрда көлөмү 3000 метр куб болгон цистернадагы бензин күйүп, өрт чыкты. Өрттүн кесепетинен айдоочу колунан жеңил жаракат алып, "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жөнөтүлдү. Абалы жакшы.
Жеринде 1 бөлүм жана 1 өрт өчүрүүчү унаа иш алып барды. Өрт саат 20:55те чектөөгө алынып, саат 21:17де толук өчүрүлдү. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда", - деп билдиришти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан