"Талибан" кыймылы Ооганстанда сакал алууга тыюу салынганын четке какты

Ооганстанды басып алган "Талибан" кыймылы аталган өлкөдө эркектерге сакалын алууга тыюу салынганын четке кагууда. Бул тууралуу Ооганстандын Маданият жана маалымат министрлигине таянуу менен чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, министрлик мындай мыйзамды кабыл ала электигин баса белгилешкен. Интернетте пайда болгон маалымат өлкөнүн өкмөтүнүн расмий маалыматы эмес. Министрлик Ооганстандагы эркектер кааласа сакалын кыркып, чач тарачка барса боло тургандыгын билдиришкен.

Буга чейин талибдер эркектерге сакалдарын алууга жана чачтарын жасалгалоого тыюу салгандыгы тууралуу маалымат пайда болгон. Мындай тыюу салуу өлкөнүн борбору Кабул жана Гилменд провинциясында катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан