"Үй өрттөнсө алгач лидердин сүрөтүн алып чыгуу керек". Ар бир адамдын кадамын көзөмөлдөгөн Түндүк Корея тууралуу кызыктуу маалыматтар

Корея Элдик Демократиялык Республикасы - Чыгыш Азиядагы мамлекет, расмий эмес түрдө Түндүк Корея деген аталыш менен белгилүү. Бул өлкө Корей жарым аралынын түндүк тарабында жайгашкан.

Борбор шаары - Пхеньян;
Аянты - 120 миң 540 чарчы чакырым;
Калкынын саны - 25 миллион 670 миң (Дүйнөлүк банктын расмий статистикасы боюнча 2019-жылга карата);
Өлкө лидери, жогорку кол башчы - Ким Чен Ын;
Валютасы - түндүк корея вону;
Мамлекеттик тили - Корей тили;
Мамлекеттик башкаруусу - Диктатура, социалисттик республика, бир партиялуу система.
Бул өлкө Корей жарым аралынын түндүк тарабында жайгашкан. Түштүк тарабынан Корея Республикасы (Түштүк Корея) менен чектешет, бул эки өлкөнү демилитаризацияланган аймак бөлүп турат. Түндүгүнөн Кытай Эл Республикасы, түндүк-чыгышынан Орусия Федерациясы, батышынан Сары деңиз, чыгышынан Япон деңизи менен чектешет.

Өлкөнүн Конституциясына ылайык, унитардык социалисттик мамлекет болуп саналат. Бийлик өлкөдөгү жалгыз партияга таандык, ал Эмгек партиясы, анын төрагасы Ким Чен Ын.

Түндүк Корея 14 административдик-территориалдык бирдикке бөлүнөт, алардын ичинен 9 провинция, 2 шаар, 3 өзгөчө административдик регион.
Корея Элдик Демократиялык Республикасы моноэтникалык мамлекет, калкынын 99 пайзы корейлер. Ошондой эле калктын басымдуу бөлүгүн атеисттер түзөт.
Түндүк Корея 1948-жылы Ким Ир Сен тарабынан негизделген, ал бийликте 1994-жылга чейин турган. Ал каза болгондон кийин уулу Ким Чен Ир бийликке келген. 2011-жылы Ким Чен Ир каза болгондон кийин анын ордун уулу Ким Чен Ын ээлеген.
Тарыхы:
Корей мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы биздин заманга чейинки IV—III кылымга туура келет. Экинчи дүйнөлүк согушка чейин Корея мамлекети Япон империясынын карамагында болуп келген. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин СССРдин карамагына кирген түндүк тарабы Түндүк Корея, АКШнын көзөмөлүнө кирген түштүк тарабы Түштүк Корея болуп экиге бөлүнүп кеткен. 1950-1953-жылдары болгон Корей согушу да эки өлкөнүн бөлүнүшүн бекемдеген.
Түндүк Корея тууралуу кызыктуу маалыматтар:
1. Жергиликтүү калк шайлоого 17 жашынан тарта катыша алат, шайлоо 5 жылда бир өтөт, бюллетенде 1 гана кандидат көрсөтүлгөн (өлкө лидери);
2. Жынсы шымдын кара түстөгүсүн гана кийүүгө уруксат, ал эми көк түстөгү жынсыга тыюу салынган. Ошондой эле кока-кола суусундугу сатылбайт.
3. Ар бир үй-бүлө телевизорун тиешелүү органдар тарабынан каттатышы керек. Анда 4 эле канал жеткиликтүү (тарыхты пропагандалоо, спорттук иш-чаралар, чукул кабарлар, билим берүү тармагындагы кабарлар көрсөтүлөт), башка каналдарды көрүү мүмкүнчүлүгү болбошу үчүн тиешелүү органдар каналдарды издөө жөндөөлөрүн блоктоп коёт;
4. Өлкө аймагында интернет бардык жарандар үчүн жеткиликтүү эмес, "Кванмён" деген жергиликтүү интернет тармагы бар, ага алдын ала текшерүүдөн жана иргөөдөн өткөн маалыматтар чыгат. Каалаган маалыматты интернеттен окуп алууга мүмкүн эмес;
5. Өлкө аймагында тыюу салынган радио берүүлөрдү уккандарды аңдыган отряддар бар, эгер аларга кармалып калса, өлүм жазасына тартылат;
6. Пхеньяндын тургундарына үйүндө ит багууга болбойт;
7. Түндүк кореялык эркектер чачын кыска кылып тегиздетип жүрүшөт. Мындай кыска чач жасалгалардын түрү бийлик тарабынан бекитилген, ар ким каалагандай чач жасалга менен жүрүүгө тыюу салынган. Ошондой эле аялдар үчүн да белгилүү чач жасалгалары бар;
8. Эгер түндүк кореялык тууганына чет өлкөдө жашаган адам автоунаа белек кылса, демек дал ошондой дагы бир унааны бийликке бериши керек;
9. Бул өлкөдө бүгүнкү күнгө чейин коомчулук алдында өлүм жазасына тартуу мыйзамы өкүм сүрүп келет;
10. Чет элдик туристтер өлкө аймагында өз алдынча каалагандай жүрө алышпайт. Туристти бийлик тарабынан бекитилген атайын гид коштоп жүрөт. Гид уруксат берген жерлерди гана сүрөткө тартууга болот. (2016-жылы 23 жаштагы америкалык студент Түндүк Кореяга туристтик команда менен барып, мейманканадагы плакатты жулуп алгандыгы үчүн 15 жылга эркинен ажыратылган. Бирок АКШ бийлигинин кийлигишүүсү менен ал бошотулуп, өз мекенине кайтып келгенден көп өтпөй каза болгон. Мунун себебин туугандары ал түрмөдө жатканда оор шартта ооруп калганы менен түшүндүрүшкөн);
11. Электр энергиясын үнөмдөө үчүн түнкүсүн жарык өчүрүлөт, өлкө лидерлеринин эстеликтери турган жердеги жарык гана өчүрүлбөйт;
12. Ар бир Түндүк Корея жаранынын үйүндө өлкө лидерлеринин портрети турат, эгер үйдөн өрт чыкса алгач лидерлердин портретин алып чыгышы керек болот;
13. Өз каалоосу менен өлкөдөн чыгып кете алышпайт, бийликтин уруксаты менен гана чыгууга мүмкүн. Кокус өлкөдөн качууга аракет кылса өлүм жазасына же өмүр бою үй-бүлөсү жана өзүнөн кийинки 2 муун түрмөдө күн көрөт. Мамлекетке чыккынчылык кылган, оор кылмыш жасагандар да ушундай жазага тартылат. Анда алар оор жумуштарда, татаал шарттарда жашоого мажбур;
14. 6 күндүк иш график менен иштешет. Ал эми дем алыш күнү алар ыктыярчы болуп, мекен үчүн кызмат кылышат. Өлкөдө жумушсуз адамдар дээрлик жокко эсе. Мамлекет ар бир жаранды жумуш менен камсыздап турат;
15. Түндүк Кореяда бала бакча, мектеп жана жогорку окуу жайларда билим алуу бекер экени айтылып келет;
16. 2015-жылга чейин аскердик милдетти өтөө эркектерге гана милдеттүү болсо, аскердик мыйзамдарга түзөтүү киргенден кийин кыз-келиндер да милдеттүү түрдө 23 жашка чейин аскерге барууга милдеттендирилген.
17. Түштүк Кореянын сериалдарын көрүүгө, ырларын угууга катуу тыюу салынган. Кокус түштүк кореялык сериал көрүп, ырын укканы билинип калса, катуу жазаланат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Nurdin060683
2021-09-29 08:40:56
Жапайы жашоо XXI кылымда ушундай болчу беле
+2
bond02
2021-09-29 09:20:15
Нормально, ар мамлекеттин озунун закон принциптери болуш керек. Кыргызстанга окшоп жарымы арабды туурап жашап, жарымы батышты туурап жашабай.
-1
Holboeva92
2021-09-29 10:09:39
Кыргызстанда жашаганыбызга шугур
+3
kkkk3259780
2021-09-29 14:30:58
Holboeva92, сен ошол жака барышын керек экен
-1
Dembele84
2021-09-29 10:28:21
Эркиндикте жашаганыбызга шугур кылышыбыз керек.
+1
Eduard71
2021-09-29 11:41:03
25 миллион адамды ошондой таритпте сактаганына рахмат. тооба кылдым.биз бир эшек жайлоодо эле жашайт экенбиз да.чачты каалагандай тегиздетмек турсун. каалабаган президентибизби айдап ийебиз го
+7
al-abu-kinesz
2021-09-29 12:05:06
Акыркы сурот суйлосун да..
+2
kkkk3259780
2021-09-29 14:31:56
сссрди энсегендер ушул жака барса болот.
-4
Mister-XXX
2021-09-30 01:57:35
kkkk3259780,СССРдин жашоосун көргөн эмессиң го дейм.Эгер СССРдин убагында жашасан минтип айтмак эмессин.Ал убак жомоктогудай эле болчу.
+1
Antiradikal3
2021-09-30 05:47:21
Mister-XXX, кечээ торолгон сары ооз балапандар дооруй беришет да. СССРдеги жашоону молдо-кожолордон бурмалап угуп алышып.......
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан