Кечээ, 5-ноябрда эстрада ырчысы KG Эльмурат бойдокчулук менен кош айтышып, үйлөнүү тоюн өткөрдү. Бул күнү бир эле Эльмурат эмес, бир тууган иниси Элдиярдын да үйлөнүү тою болуп, кош той өттү. Тойдо кийген кийими тууралуу KG Эльмурат: "Кийимдерди өңү-түсүнө чейин, галстуктарды, баарын өзүм тандадым",- дейт.
Ырчылардан тойго Дайыр Исмадияров, Алишер Тоотаев, Сапар Эркебаев, Жумагүл Райымжан кызы, Данияр Эрматов, Мажит, Өсөр Эшматов, ошондой эле клипмейкер Эрнист Сыдыков, актёр Сапар Сайназаров жана башкалар келсе, тамадалык тизгинди Жеңишбек Айтиев кармады.