Жалал-Абадда экстремисттик идеологияны жайылтууга шектүү жаран кармалды

Жалал-Абадда экстремисттик идеологияны жайылтууга шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-апрелде аймактык милицияга белгисиз жаран өлкөнүн конституциялык түзүлүшүн бузууга чакырган материалдарды таратып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, козголгон кылмыш иштин алкагында 51 жаштагы Х.М. аттуу жаран кармалды.

"Ал Кыргыз жергесинде тыюу салынган "Хизб-ут Тахрир Аль Ислами" уюмунун мүчөсү жана алардын идеологиясын коңшуларына тараткан. Мындан тышкары тыюу салынган уюмдун идеологиясын WhatsApp топторуна жайылткан. Шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда далил буюмдар табылган. Соттун чечими менен шектүү эки айга камакка алынды", - деп айтылат билдирүүдө.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
XATSAN125
2021-09-28 11:22:26
Ушуга окшогон хизбиттерди 2 ай эмес 20 ж камаш керек.Же атып салыш керек башка хизбиттерге сабак болуш учун же кысыыып журуш учун
0
alimbek94
2021-09-28 12:00:48
Ашкере исламдашуу, хиджабташуу ишине бөгөт койбосок, жаштарыбыз чечен, талибтер сымал болуп калышат.
Жаштардын светтик билим деңгеелин бекемдөө зарыл. Диний популизмге ишенгендер коркунуч туудурат.
0
Rusi79
2021-09-28 14:38:06
Бизде беш парызын аткарган такыба мусулманчылык эмес сетевой маркетинг сыяктуу ар ким билгенин кылган агрессивдуу динге айланып барайтат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан