30-сентябрда Орусияда жүргөн мигранттардын миграциялык жеңилдиктеринин мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Орусиянын аймагында жүргөн мигранттар 30-сентябрга чейин миграциялык каттоо, эмгек келишимин түзүү сыяктуу иштерди бүтүрүүсү абзел.
"Чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата 30-сентябрга чейин укуктук статусун жөнгө салбаган учурда, Орусия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык административдик чаралар колдонулат", - деп жазылат маалыматта.
Буга чейин Орусияда быйыл, 15-июнда президент Владимир Путин "коронавирустун алдын алуу үчүн чет өлкөлүк жарандардын жана Орусиянын жарандыгы жок адамдардын абалын жөнгө салуу боюнча" жарлыкка кол койгон.