Спутник V вакцинасы менен COVID-19га каршы эмдөө алгандар ноябрь айынан тарта АКШга кире албайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, аталган вакцинаны Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана америкалык бийлик тастыктаган эмес.
Буга чейин Спутник V вакцинасы дүйнөнүн төрт миллиарддай адам жашаган 70 өлкөсүндө тастыкталып, 448 миллион дозасы чет өлкөгө сатылганы маалымдалган.