Бишкекте баңгизатын таратууга шектелген эки жаран 2 айга камакка алынды

Баңгизатты мыйзамсыз таратууга шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Аламүдүн РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-сентябрда атайын иликтөө иш-чаралары жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарынын аймагында интернет дүкөндөрдүн биринен баңгизаттын кезектеги партиясын алып жаткан учурда 1998-жылы туулган С.А. кармалды. Мындан ары атайын тергөө аракеттерин жана ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда ошол эле күнү саат 15:00 чамасында Бишкектеги соода борборлорунун биринин жанында кылмышка дагы бир шектүү 1999-жылы туулган Э.А. аттуу жаран кармалды. Алар баңгизаттарды сактаган жайларын көрсөтүп, кылмышты моюнга алышкан.

Бул факты 267-берене (баңгизаттарды, психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Аламүдүн райондук сотунун чечими менен шектүүлөр эки айга камакка алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан