"Эгерде жол акынын баасы жогоруласа, жүргүнчүлөр транспорту жаңыланат", - деп бүгүн, 28-сентябрда Бишкек шаардык кеңештин жыйынында вице-мэр Таалайбек Орозов билдирди.
Ал билдиргендей, 9 жылдан бери жол акыга болгон тариф кымбаттаган эмес.
Учурда Бишкек шаардык кеңеште коомдук транспорттордогу жол акынын тарифи боюнча маселе каралууда.
Маршруттук таксилерге 15 сом, троллейбус, автобуска 11 сом тариф сунушталып жатат.