Бишкек шаардык кеңештин депутаты: "Күйүүчү майдын баасы төмөндөгөндө эмне үчүн жол акынын баасын арзандаталы деп айтышпайт?"

Бүгүн, 28-сентябрда Бишкек шаардык кеңештин жыйынында коомдук транспорттордогу жол акынын тарифи боюнча токтом долбоору каралып жатат.

Анда шаардык кеңештин депутаты Таалайбек Сариев бул маселени жакшы карап чыгуу керектигин айтты. "Эмне үчүн күйүүчү майлардын баасы арзандаганда айдоочулар жол акыны арзандаталы деп чыгышпайт. Кымбаттаганда жол акыны көтөрөлү деп жатышат", - дейт ал.

Маршруттук таксилерге 15 сом, троллейбус, автобуска 11 сом тариф сунушталып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rahat73.
2021-09-28 16:03:30
Тарифке басым жасабай арзан күйүүчү майды алып келүүнү ойлош керек ошондо жол акы ордунда калат ошондо элди ойлогон болосунар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан