Өлкөгө 1000 тонна күздүк буудайдын үрөнү келди

Өлкөгө Өзбекстандан 1000 тонна күздүк буудайдын үрөнү келди. Бул тууралуу Айыл чарба суу жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда алынган бардык үрөн республиканын региондоруна таркатылган жана 2022-жылдын түшүмүнө себүү үчүн колдонулат.
"Күздүк буудай 2021-жылдын 26-мартында Ташкентте кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын тогузунчу отурумунун протоколун аткаруу менен күздүк буудайдын аср жана давр сортторунун үрөндөрүнөн миң тонна алып келинген.
Бул сорттор биздин дыйкандарыбызга, фермерлерибизге жакшы белгилүү, мамлекеттик сорт участокторунда мамлекеттик сыноодон өткөн. Республиканын мамлекеттик реестрине киргизилген жана өлкөнүн бардык региондорунда сугат жерлеринде колдонууга бекитилген", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
talant87
2021-09-29 00:45:29
Эгип бутум келет деп кутуп Алда кридити жок адамдарга берилет экен деп укам
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан