Талас шаарында турак үйүндө курал, ок-дарыларды сактап жүргөн жаран аныкталды. Бул туурасында Талас ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлашат.
Бул маалымат боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 253-беренесинин 2-бөлүмүндө каралган кылмыштын белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
"Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Талас шаарынын 1993-жылы туулган К. уулу Ж. аттуу тургуну кармалды.
Талас шаардык тергөө судьясынын уруксаты менен шектүүнүн үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, мал сарайынан 1 даана ИЖ-18Е үлгүсүндөгү 12 калибрлүү тапанча, 1 даана 16 калибрлүү тапанча, 1 даана кесилип атайын даярдалган кесилген тапанча (обрез), гильза жана бычак алынган. Алынган курал-жарактар боюнча соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат. Кармалган жаран тергөөдө сурак берүүдө", - дешти маалымат кызматынан.