Бишкек шаардык кеңештин депутаты Элнура Качкынова коомдук транспорттогу жол киренин баасын ушул бойдон калтырууну колдой турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-сентябрда шаардык кеңештин жыйынында билдирди.
"Мен жол акынын тарифин ошол боюнча калтырууну сунуштайм. Бааны 15 сомго көтөргөндө шарттар кандай болуп өзгөрөт? Бир үй-бүлөдө бир канча адам болот. Алардын канча акчасы кетет? Коммуналдык эсептерди, азык-түлүктөрдү эсептебегенде, бир үй-бүлөдөн жол киреге эле 8 миң сом кетиши мүмкүн. Коомдук транспортторду газга өткөрүү керек. Ошондо арзан болот", - дейт ал.
Мэриянын шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси Максат Нусувалиев: "Мен сиздин айткандарыңызга макулмун. Кирешелер көбөйгөн жок. Айдоочулар дагы биздин жарандар. Алардын да балдары бар", - дейт ал.