Түркмөнстанда эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган аскердик парадда түркиялык "Bayraktar" пилотсуз учактары биринчи жолу көрсөтүлдү.
Эгемендүүлүк майрамындагы парад биринчи жолу Ашхабад шаарындагы борбордук аянтта эмес, шаардын түштүк бөлүгүндөгү Копетдаг аймагында болуп өткөн. Парадга президент Гурбангулы Бердымухаммедов дагы катышкан.
Парадда биринчи жолу Түркиянын "Bayraktar ТВ2" пилотсуз учактары көрсөтүлдү. Мындан тышкары C-27J Spartan тактикалык аскердик транспорттук учагы биринчи жолу аскердик парадга катышты. Ошондой эле Италиянын алты согуштук M-346 учагы учуп өттү. Парадда чоң экрандан Түркмөн деңиз флотунун кемелеринин майрамдык парады көрсөтүлдү.