Бүгүн, 28-сентябрда Бишкек шаардык кеңештин жыйынында коомдук транспортторго жол киренин тарифи боюнча маселе каралып жатат.
Анда шаардык кеңештин депутаты Сейдакмат Исмаилов жол киренин тарифинин көтөрүлүшү боюнча убакыт келгенин айтты. "9 жылдан бери тариф көтөрүлгөн эмес. Бардыгы макул, бирок баа акырындык менен көтөрүлүшү керек. Башында баа 11 сом, 13 сом. Бүгүн болсо 11 сом, 15 сом деп сунушталып жатат", - дейт ал.
Маршруттук таксилерге 15 сом, троллейбус, автобуска 11 сом тариф сунушталып жатат.