Бүгүн, 28-сентябрда Кыргыз Республикасынын Эл артисти Саламат Садыкова 65 жашка толду. Ырчы туулган күнүндө Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан "Мistik & folklore" эл аралык фестивалында жеке концерт берет. Учурда ал кызы Кундуз Авашова жана күйөө баласы Кубаныч Сатаев менен аталган өлкөдө жүрөт.
"Бул күн менин жарык дүйнөгө ыйлап келген күнүм экен. Туулган күнүмдө Кудайдын буйругу менен Жалаледдин Руминин (Mevlana) элиндемин. Эрк жигериң, күч кубатыңдын барында эмгек кыл", - дейт ал.
Ырчы балалык күндөрү, ата-энеси, туулган айылына болгон кусалыгы туурасында:
"Туулган күн дегенде азыркы жашымда саресеп салып көрсөм, эң биринчи жарык дүйнөгө алып келген ата-энеме ыраазы болом. Эл сыяктуу ата-энемди көрүп эсимде кала тургандай окуя болгон эмес. Себеп дегенде, атамдан 2 жарым жашымда айрылгам. Ошондой болсо да бирөөлөрдөн ата-энең жөнүндө 2 ооз сөз уксаң абдан ыраазы болот экенсиң. Ал эми энемди көрүп калдым, ал 9 жашымда бул дүйнөдөн өтүп кетти. Энем абдан шайыр, сулуу, аябай тиричилик кылып, жаны тынбаган жан эле, анын элеси көз алдымда кала берди. Чачы узун ушундай бир аял эле да. Ошолордун баарын түндө эстеп отуруп, кеч болгонуна карабай социалдык тармактардын бириндеги баракчама жазып койдум. Балалык күндөрдү эстейт экенсиң, айылыңды, элиңди сагынат экенсиң. Кыскасы элде, журтта болгон жакшылыкты, тынчтыкты тилеп калат экенсиң. Азыркы жашымда өзүмдү ойлобойм, мекенибизде болуп жаткан жакшылыктарды, жакшы кишинин жакшылыгы болуп жатса ошого сүйүнөм, жакшы адамдар менен жолугушуп калсам ага сүйүнөм. Жакшы кебибизди аябашыбыз керек экен, көзүбүз тирүү турганда өзүбүздү дагы, жан-жакабызды, дегеле жалпы элиме жакшылык каалап турган учурум".
Ырчы 1956-жылы 28-сентябрда Баткен облусунун Кызыл-Жол айылында төрөлгөн. Мектептеги окуусун ийгиликтүү аяктаган соң 1973-жылдан баштап Баткен райондук маданият үйүндө ырчы болуп эмгек жолун баштап, райондук, облустук сынактарга катышып, тар чөйрөгө тааныла баштаган.
Турмушка чыккандан кийин 1974-жылдан тартып Талас облусунун Кара-Буура районунда жашап, 1975-жылдан баштап Кара-Буура райондук маданият үйүнүн алдындагы "Жылдыз" ыр-бий элдик тобунда ырчы, маданий методист катары эмгек жолун уланткан.
1983-жылы Польша мамлекетинде өткөн эл аралык фестивалга СССРдин атынан "Жылдыз" ансамбли катышып, 2-орунду жеңип, "Күмүш балта" сыйлыгына ээ болушкан. Так ушул фестивалда Саламат Садыкова комуздун коштоосунда Б.Эгинчиевдин "Кызыл гүл" аттуу ырын аткарып, солист катары эл аралык сахнага алгачкы кадамын таштаган.
1992-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, 1995-жылы Казак Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, 1995-жылы Кыргыз Эл артисти, 2004-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон.
2021-жылы Казакстандын "Абай" эл аралык сыйлыгы менен сыйланды.
Ырчы тууралуу кызыктуу фактылар:
28-сентябрга карата жылнаама.