Биз социалдык тармакта

Кыргыз-Кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кыргыз-Кытай чек арасы 1-октябрдан 7-октябрга чейин жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, чек аранын жабылуусуна Кытайда боло турган "Кытай Эл Республикасынын күнү" майрамынын белгилениши себеп болууда.

"Мамлекеттик чек ара 2021-жылдын 1-октябрынан 7-октябрына чейин транспорт каражаттарын жана товарларды өткөрүү үчүн убактылуу жабылат. "Эркеч-Там" жана "Торугарт" өткөрмө пункттары 2021-жылдын 8-октябрынан тарта Кытай Эл Республикасынан Кыргыз Республикасына транспорт каражаттарын жана товарларды гана өткөрүүнү караган атайын алгоритмге ылайык иштей баштайт", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан