Өлкөдөгү кафе-ресторан жана коомдук жайларда тамеки, кальян чегүүгө мындан ары болбойт. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамеки, никотин керектөө кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" мыйзамга кол койду.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 29-июлда кабыл алынган.
"Документтин максаты - Кыргыз өлкөсүнүн калкынын саламаттыгын тамекини колдонуунун кесепеттеринен коргоо, ошондой эле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун тамекиге каршы күрөшүү боюнча рамкалык конвенциясын реализациялоо.
Мыйзам тамеки каражаттарынын бардык түрлөрүн, никотинди жеткирүүнүн электрондук системаларын колдонууга көзөмөл орнотуу жана бардык тамеки каражаттарынын жарнамасына толук тыюу салуу аркылуу, тамекиге жана тамеки каражаттарынын бардык түрлөрүнө каршы күрөшүү боюнча нормаларды жакшыртууга жана чараларды күчөтүүгө багытталат", - деп жазылган маалыматта.