"Байлыгы 203 миллиард доллар...". Илон Маск дүйнөдөгү эң бай адам аталды

"Forbes" басылмасынын рейтинги боюнча АКШлык миллиардер, Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск "Amazon" менен "Blue Origin" космостук компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безосту артка таштап, дүйнөдөгү эң бай адам деп табылды. Бул тууралуу аталган басылманын маалыматына таянып, чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Ага ылайык, бүгүнкү күндө анын байлыгы 203 миллиард 400 миллион долларга бааланууда. Муну менен Маск байлыгы 200 миллиард доллардан ашкан дүйнөдөгү үчүнчү адам болуп калды.

Ал эми Жефф Безос 197 миллиард 700 миллион доллар байлыгы менен экинчи орунду ээледи.

"Louis Vuitton Moët Hennessy" ишканасынын ээси Бернард Арно байлыгы 175 миллиард 700 миллионго жетип, үчүнчү орунга жайгашты.

Тизмедеги төртүнчү орунда "Майкрософттун" негиздөөчүсү Билл Гейтс турат. Анын байлыгы 131 миллиард долларга бааланган.

Фейсбуктун башчысы Марк Цукербергдин байлыгы 126 миллиард 400 миллион долларды түзүп, бешинчи орунду ээледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан