Чүй облусунун Сокулук районунда дүкөндү тоноого аракет кылган жарандар кармалышты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 25-сентябрь күнү болжол менен саат 04:20 чамаларында Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө телефон чалуу болуп, Сокулук районундагы айылдардын бириндеги азык-түлүк саткан дүкөндү белгисиз бирөөлөр тоноого аракет кылып жатышканын билдирген.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы фактыга шектелип, 50 жаштагы Б.В. жана 46 жаштагы П.В. аттуу жарандар кармалышкан.
Териштирүү учурунда кармалган жарандар буга чейин сот жообуна тартылганы маалым болду. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.