реклама
super.kg logo

Экономика боюнча эксперт: "Улуттук банкка ким гана жетекчи болуп келбесин экономикадагы абал өзгөрбөйт"

 

Бүгүн Улуттук банктын төрагасы жергиликтүү маалымат каражаттары Толкунбек Абдыгуловдун отставкага кеткендигин жазып чыгышты. Социалдык тармактарда бул нерсе өлкөдөгү экономикалык абалды мындан дагы сазга батырат деп кооптонгондор болууда. Бул кооптонуу жөндүүбү? Жана анын отставкага кетиши саясий оюндардын таасириненби? Бул боюнча SUPER.KG порталы экономисттердин пикирин угуп көрүүнү туура көрдүк.

Экономика боюнча эксперт Төлөн Абдраев Улуттук банкка жетекчи болуп ким гана келбесин экономикадагы абалды түп тамырынан бери өзгөртө албайт деген пикирин билдирди.

"Толкунбек Абдыгулов өзү адис катары Улуттук банктын жумушун жакшы эле жүргүзүп келген. Кызматтан өз каалоосу менен кетип жатат да. Аны эч ким мажбурлап туруп кет деген жок. Көшөгөнүн артында эмне болуп жатканы бизге белгисиз.

Эгемендик алгандан бери эле катуу монетардык саясат жүргүзүлүп келет. Мында деген экономикада акча жүгүртүлүп жатканы көзөмөлгө алынат. Көпчүлүк базар экономикасындай кылып акчаларды коё берип, муктаждыкка жараша ошол акчаларды көбөйтүп ушундай саясат жүргүзүшөт. Бизде болсо чектеп турган. Мунун эки тарабы болот. Биринчи жакшы жагы инфлекциянын көтөрүлүшү жок, баалардын кескин түрдө өсүп кетиши көзөмөлгө алынып турат. Экинчи терс жагы акча жоктугунан бизнеске, ишкерлерге толук каражат бербесе өнүгүү процесстери боло бербейт.

Биздин улуттук банк ушинтип эле алып келүүдө. Муктаждыкка жараша акчаны көп чыгарып койсо анда инфлекцияга кетет. Ошондо коркуп көп учурда өткөргөн эмес. Эми ким жетекчи болуп жаңы келсе дагы көрө жатарбыз. Улуттук банкта эгемендик алгандан бери кимиси келсе дагы ушул эле саясатты жүргүзүп келишкен.

Көп деле өзгөрүүлөр болбойт. Тобокелдикке салып, экономиканы оңдоп жиберем дегенге барышпайт окшойт. Менин жеке көз карашым боюнча, Улуттук банкка жетекчи болуп ким гана келбесин экономикадагы абалды өзгөртө албайт", - деди Төлөн Абдраев.

Белгилей кетсек, Абдыгулов 2014-жылдан бери Улуттук банктын төрагасы кызматын аркалап келет.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
181146;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: