"Империя пиццы" тамактануучу жайынын 850 чарчы метр аянты күйүп кетти

Бүгүн, 28-сентябрда Бишкектин Кулиев көчөсүнүн №2 дарегинде жайгашкан тамактануучу жайдан өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен учурда өрт толук өчүрүлгөнүн, жабыркагандар жок экенин билдиришти.

"Империя Пиццы" тамактануучу жайынан чыккан өрт саат 14:40та чектөөгө алынып, саат 17:23 толук өчүрүлдү. Өрттү өчүрүүгө жалпы 4 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 850 чарчы метр түздү, каза болгон жана жабыркагандар болгон жок.
Алдын ала маалымат боюнча өрттүн келип чыгышы кафенин жанындагы ширетүүчү иштеринде өрт коопсуздугу сакталбагандыгынан улам келип чыкты", - дешти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
CAPATAH
2021-09-28 21:42:35
Ютртжвл алдвн элдин конулун кплтвоган эле ЧП кылып
-2
ulanbek2000
2021-09-29 03:13:48
Ырас болуптур. Бут арам акча
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан