Орусияда Кыргыз жараны октон жаракат алып оор абалда ооруканада жатат

Орусиянын Москва шаарында Кыргыз жараны октон жаракат алып оор абалда ооруканада жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-сентябрь күнү "102" кызматына 1995-жылы туулган А.З. аттуу Кыргыз жараны октон жаракат алганы боюнча маалымат келип түшкөн. Ал Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну болгон. Жаракат алган жаранды "Тез жардам" кызматы шаардагы ооруканалардын бирине жеткирген. Анда ал баш мээсинен жаракат алганы аныкталган.

Бул окуя боюнча Красносельск районунун полициясы кылмыш ишин козгогон. Учурда эки өлкөнүн укук коргоо кызматкерлери бул иш боюнча тергөө иштерин баштады.

Учурда жабырлануучунун оор болгондугуна байланыштуу элчиликтин жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүн киргизбей жатканы жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан