Тилек Токтогазиев Толкунбек Абдыгуловдун отставкасы боюнча: "Баарыбыз алдыдагы эң оор күндөргө даярдануубуз керек"

Мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кызматтан кетүүсү боюнча пикирин Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
Анда Токтогазиев депутаттар Саматбек Ибраев жана Бактыбек Турусбековдун иш-аракетти Улттук банктын төрагасын арыз жазып отставкага кетүүсүнө мажбур кылганын жазган
"Депутаттар Ибраев жана Турусбеков бизди алдыда күтө турган финансылык кризис үчүн моралдык жактан жооптуу болот. Улуттук банк Абдыгуловдун жетекчилиги астында, көз карандысыз институт катары биздин саясий жактан туруксуз мамлекетибиздеги эффективдүү уюмдардын бири болгон. Анын командасынын жардамы менен сом КМШдагы эң туруктуу валюта болгон.
Урматтуу достор, баарыбыз алдыдагы эң оор күндөргө даярдануубуз керек. Мээге күч келтирип экономиканы өнүктүргөнгө караганда, ойлонбой туруп акча басып чыгаруу алда канча жеңил. Бийлик консервативдүү акча саясатын бузуудан келип чыккан оор кесепеттерди да эске алышы керек. Инфляция, сомдун арзандашы, баалардын андан ары өсүшү бул кирешенин реалдуу төмөндөшү болот.
Кыязы, Ибраев менен Турусбеков жогору жактан келген тапшырманы жөн эле аткарып жатышкандыр. Бирок эң коркунучтуу нерселер ушундай аткаруучулардын колу менен болот. Ошондуктан мен бул эки депутатты люстрация тизмесине киргизүүнү сунуштайм", - деп жазды Токтогазиев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Antiradikal3
2021-09-28 22:12:22
Доорубосунчу ушул таз баш........
0
Samash-87
2021-09-28 22:41:47
Шайлоо жакындап Шаолинь дагы үнүң чыгып калдыбы Теке духтун берип жатат окшойт.
-2
nargiz-sa
2021-09-29 10:04:21
Чындыгында валюталык базардагы туруксуздук, улуттук валютага инфляциянын темпи өсүшү мамлекеттин экономикасына негизги коркунуч болот, ошону ойлоп жатышат бекен биздин төбөлдөр? Маселе Абдыгуловдун кеткенинде эмес ошол жерге татыктуу кадрдын келишинде
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан