
Мурдагы айыл чарба министри
Тилек Токтогазиев Улуттук банктын төрагасы
Толкунбек Абдыгуловдун кызматтан кетүүсүнө депутаттар
Саматбек Ибраев жана
Бактыбек Турусбековдун иш-аракети себеп
болгонун жазган.
Көп өтпөй депутат Саматбек Ибраев Фейсбук баракчасы аркылуу ага жооп кайтарды.
"Кимдир бирөө мени Толкунбек Абдыгуловду кызматтан алып салды деп ойлосо, менде андай мүмкүнчүлүктөрдүн жоктугу өкүнүчтүү. Улуттук банктын башчысынын кызматтан кетиши ар кандай ажиотаж жаратып жатат. Айрыкча либерал-батышчыл элдин арасында.
Өзүн прогрессивдүү саясатчы деп эсептеген жаш кадрлар, бир нерсе айтуудан мурун, адегенде аз да болсо ойлонушу керек. Тилек Токтогазиев Абдыгулов менин айымдан улам кызматтан алынды деп жазып чыкты. Эгер мүмкүн болсо, мен муну эртерээк жасамакмын.
Абдыгуловдун кетиши кимдир бирөө үчүн албетте, жеке трагедия. Мен Улуттук банктын саясаты жана микрокредиттик компаниялар менен кызматташуусу жүз миңдеген Кыргыз жарандарын карызга батырганын айта алам жана аны талап кылам. Эгерде биз тереңирээк изилдей турган болсок, менин оюмча бир эмес, бир нече кылмыш иши ачылат.
Эгерде алар жазып жаткандай Абдыгуловдун кетишинен улам сомдун курсу түшүп, кризис болсо, анда бул Улуттук банктын мурунку жетекчисинин кемчилиги", - деп жазды Самат Ибраев.