Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безостун “Blue Origin” компаниясына тиешелүү “New Shepard” кемеси 12-октябрда космоско экинчи рейсин жасайт. Мындай маалымат аталган компаниянын сайтына жарыяланды.
Билдирүүгө ылайык, космоско учуу Техастын батышындагы космодромдун учуруу аянтчасынан жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:30га (Бишкек 19:30) мерчемделген.
"Учууга төрт астронавт катышат, анын ичинде NASA'нын мурдагы инженери, америкалык Planet Labs компаниясынын негиздөөчүсү Крис Бошуисен жана Dassault Systmes бөлүмүнүн төрагасынын орун басары Глен де Вриес бар. Ал эми калган экөөнүн ысымдары жакынкы күндөрү белгилүү болот", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин 90 жаштагы актёр Уильям Шетнер дагы Жефф Безостун кемеси менен космоско учары айтылган.