Биз социалдык тармакта

Арча-Бешик, Ак-Босого... Бүгүн Бишкектин кээ бир аймагында электр жарыгы өчүрүлөт (тизме)

29-сентябрда Бишкек шаарынын кээ бир аймактарында электр жарыгы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.

Бишкек шаарында 29-сентябрга карата электр жарыгы үзгүлтүккө учурай турган аймактардын тизмеси:

  • 9:00дөн 18:00гө чейин Зеленая, Пушкин, Кулиев көчөлөрүндө, Ак-Ордо жаңы конушунун Залкар, Калыгулбай, Гагарин, Өмүракунов, Тастар-Ата, Каркыра көчөлөрү, Көлмө, Алтын-Бешик жаңы конуштары, Коммунаров, Медина, Ак-Жол, Долон, Козу-Баглан, Республиканская;
  • 9:00дөн 18:00гө чейин - Манас көч №61 үй, Фурманов, Гагарин, Шербет көчөлөрү, Ак-Босого жаңы конушунун Чүй, №42-46 көчөлөрү, Арча-Бешик жаңы конушунун Кривоносов, Эр Тайлак, Алты-Түтүн, Кара-Кужур, Садыбакасов, Кең-Суу, Камбар-Ата көчөлөрү;
  • 9:30дан 12:00гө чейин — Ахунбаев көчөсү (№106, 106а, 108, 108а, 110, 110а), Токтоналиев көчөсү (№70, 72, 74, 76);
  • 9:30дан 17:30гө чейин — Шакиров, №37 көчөлөрү, Элебесов, Ормокоев, Маяковский, Иманалиев, Васильев, Рысмендиев көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрү, Карагачевая, Орто-Токой кууш жолдору, Рухий Мурас жаңы конушу (1-4 көчөлөрү).

"Түндүк электр" ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ruslan868600
2021-09-29 02:18:00
ремонту бүтпөй койду ушу аферистердин,дагы кечирим сурап койот өлүмүш болуп,эртең кышта өчө турган болсо кандай болоткен суукта...
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан