Жалал-Абад шаарында өз үйүнө асынып алган 28 жаштагы кыздын окуясы боюнча териштирүү башталды

Жалал-Абад шаарында өз үйүнө асынып алган 28 жаштагы кыздын окуясы боюнча териштирүү башталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"26-сентябрь күнү болжол менен саат 15:40 чамаларында Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде аял киши асынып алгандыгын кабарлаган. Тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барып кароо жүргүзгөн учурда Базар-Коргон районунун тургуну 28 жаштагы А.А. өзүнүн үйүнүн ашканасында газдын түтүкчөсүнө шарф менен асынып турган абалда жансыз денеси табылган.

Бул окуя боюнча топтогон материал Жалал-Абад ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Кыздын денесине алгачкы кароо жүргүзгөндө күч колдонулган белгилер аныкталган эмес. Учурда окуя боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат", - деп билдирди басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан