Ысык-Көлдө үйдүн кулпусун бузуп, 65 миң сомдук зер буюмдарды уурдоого шектүү кармалды

Ысык-Көлдө батирлерге кирип уурулук кылганга шектүү жаран кармалды. Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, кармалган жаран зер буюмдарды уурдаган.

Мекеменин билдирүүсүнө караганда, Ак-Суу РИИБине Теплоключенко айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда август айынын соңунда түн ичинде үйүнүн кулпусун бузуп кирип, алтын уурдагандарга карата чара көрүү өтүнүчү айтылган.

"Натыйжада жабырлануучуга 65 миң сом зыян келтирилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 220-берене менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Тергөө иштеринин алкагында шектүү катары 1991-жылы туулган А.Д. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда анын мындан башка дагы кылмыш иштерине катыштыгы бар же жоктугун аныктоо иштери жүргүзүлүп жатат", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан