Бишкекте Г.Айтиев
атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде бүгүн, 6-ноябрда Чыңгыз Айтматовдун 85
жылдыгына карата республикалык күзгү көргөзмөнүн ачылышы болуп өттү. Анда жазуучунун
чыгармачылыгына кайрылган кол өнөрчүлөрдүн, графика, живопись, сүрөт
искусствосунун чеберлеринин эмгектери коюлду. Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Усубалиев Таалайбек:
“Бул көргөзмөгө Сүрөтчүлөрдүн 500дөн ашуун эмгектери
коюлду. Бизде сыйлыктын саны 10 болгондуктан, жеңүүчүлөрдү тандоо кыйын болот
деп ойлойм. Көргөзмө Астанада да болуп өттү. Тилекке каршы ага өзүм катыша
албай калдым. Көргөзмөнүн жабуу салтанатына катыштым. Иш-чара казак сүрөтчүлөрү
тарабынан жакшы кабыл алынды. Эксперттерден “Сүрөтчүлөр союз убагында күчтүү
болчу, азыр да күчтүүлүгүн далилдеп жатышат” деп мактоо алдык”,- деп сүйүнүчүн SUPER.KG порталы менен тең бөлүштү.