Ооганстандагы талиб согушкерлерине селфи кылып сүрөткө түшүүгө жана ак кроссовки кийүүгө тыюу салынды

Ооганстандын коргоо министри Мавлави Якуб талиб согушкерлерине селфи кылып сүрөткө түшүүгө жана ак кроссовки кийүүгө тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылды.

Маалыматка ылайык, мындай чектөөлөрдү киргизүүгө акыркы учурларда талиб согушкерлери куралдары менен аянтта, оюн-зоок аттракциондордо, коомдук жайларда селфи кылып сүрөткө түшүп, социалдык тармактарга чыгарып жатканы себеп болгон.

Коргоо министри селфи кан төгүүлөр менен жеткен жеңишке, "Талибан" кыймылынын жана жогорку кызматтагы адамдардын коопсуздугуна шек келтирип жатканын айткан.

"Ал эми ак кроссовки батыштын зыяндуу модасы. Эгер биз батышты туурай турган болсок, анда Ислам системасын жоготуп алабыз", - деген Мавлави Якуб.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Dembele84
2021-09-29 11:51:30
Булар оюна келгенин кылат эми жапайылар!
+1
Jibani
2021-09-29 12:01:50
Блииин вроде 21кылымда жашап жатабыз го
+1
Zarema11
2021-09-29 12:31:44
Ой тообо . Өздөрү чыгышты туурап, анан батышты туурабайбыз дегени эмнеси.
+1
KG-312
2021-09-29 12:47:24
Туура, кроссовки бутту тердетип, сасытып, бузат бутту. Ошого жайында териден тапочка эле кийген жакшы.
-5
Talastan
2021-09-30 06:05:31
Будар тоо таш аралап журуп жапай болуп калган да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан